Газни шаарындагы кармашта 14 ооган жоокери мерт болду

Газни шаары.

Газни шаары.

Ооганстандын Газни шаарына чабуул койгон талиб жоочулары менен кармашта 14 ооган аскери мерт болду. Дагы жыйырмадан ашык жоокер жарадар болгонун шаардагы оорукананын өкүлү билдирди.

"Талибан" кыймылы бүгүн таң эрте Кабулдан 150 чакырым жерде жайгашкан Газниге чабуул кое баштаган. Натыйжада ооган күчтөрү менен талиб согушкерлеринин ортосунда бир нече саатка созулган куралдуу кармаш жүрдү. Жоочулар абадан урулган соккулардын жардамы менен шаардан сүрүлүп чыкканы кабарланууда. Чабуулдун мизин кайтаруу операциясына АКШнын дрондору, согуштук учактары жана тик учактары тартылган.

Буга чейин "Талибан" кыймылы Газни шаарындагы өкмөттүк имараттардын басымдуу бөлүгүн ээлеп алганын жарыялаган. Ооганстандын Коргоо министрлиги маалымдагандай, эми шаар кайра өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлүнө өттү.

Газни провинциясынын полициясы баш-аягы 100дөй адам өлгөнүн, алардын көбү талиб согушкерлери экенин кабарлады.

Май айында талибдер Ооганстандын батышындагы Фарах шаарына да кол салышкан. Анда бир күндүк кармаштан кийин ооган күчтөрү АКШнын аба соккуларынын коштоосунда согушкерлерди шаардан сүрүп чыгышкан.