Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча кийинки жыйын сентябрда өтөт

Баткендеги кыргыз-өзбек чек арасы.

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча эки өлкөнүн жумушчу топторунун жыйыны сентябрда Кыргызстанда өтөт. Августтун биринчи аптасында Фергана шаарында болгон жолугушууда чектеш аймактагы эки тилке такталган. Бул тууралуу эки мамлекет тең расмий кабарлады.

Маалыматка ылайык, Фергана жана Баткен облустарынын ортосунда Шахимардан жана Газнов тилкелериндеги чектеш жерлер аныкталды.

Учурда эки мамлекеттин ортосундагы 1378 чакырымга созулган чек ара тилкесинин 1170и такталган. Былтыр жыл аягына чейин калган жерлер аныкталып бүтөрү айтылган, бирок делимитация жана демаркация иштери уланууда. Эки тараптын жумушчу топтору тынбай жолугушууларды өткөрүп келатышат.

Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримовдун тушунда солгундап кеткен кыргыз-өзбек мамилеси Шавкат Мирзиёев бийликке келген соң кайра жанданган.