Активист Александр Толмачев камактан чыкты

Бактарды кыюуга каршы чыккан активисттерди кармоо учуру. 2-июнь, 2017-жыл.

Кыргызстандын Жашылдар партиясынын мүчөсү, активист Александр Толмачев камактан чыкканын "Азаттыкка" билдирди. Ал 7-августта аппеляциялык арыздын негизинде бошотулду.

Толмачев 4-августта бак-дарактарды кыюуга каршы акция учурунда кармалып, "бейбаштык" беренеси менен беш суткага камакка алынган.

Беш активисттин катышуусундагы акция Бишкектеги Баялинов жана Махатма Ганди көчөлөрү кесилишкен жерде өткөн. Алар "Жашылдандыруу" ("Зеленстрой") муниципалдык ишканасынын жолду оңдоо максатында дарактарды кыйып жатканына нааразылык билдиришкен.

Ишкананын өкүлү милицияга арызданып, акциянын катышуучулары кармалган. Айрымдары суракка алынып, бошотулган. 5-августта Биринчи май райондук соту Толмачевду беш суткага камоо тууралуу чечим чыгарып, ал шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Борбордо тал-терек кыюуга нааразылыктар байма-бай өткөрүлүп келүүдө. Акцияларга буга чейин да милиция аралашкан учурлар болгон.

Расмий маалыматка караганда, былтыр борбордо 3000ге жакын бак-дарак кыйылган. Мэрия бак-дарактарды кыюу инфраструктура үчүн аргасыз чара экенин, бирок кыйылган бир бактын ордуна былтыр жети, быйыл он бештен көчөт отургузулганын маалымдаган. Экологдор Бишкекте абанын булганышы нормадан 2-3 эсе көп экенин айтып чыгышкан. (NT)