Эгизбаевдин жакындарын колдош үчүн 8 миң доллардан ашык акча чогулду

Уланбек Эгизбаевдин үй-бүлөсүн колдош үчүн каражат топтоо акциясы.

"Азаттыктын" кабарчысы, маркум Уланбек Эгизбаевдин жакындарына колдоо максатында топтолгон каражат 8 миң доллардан ашты. Бул тууралуу "Элим, барсыңбы?!" кайрымдуулук фонду билдирди. Маалыматка караганда, чет мамлекеттерден 7700 доллар, Кыргызстан ичинде "Элсом" аркылуу 47 070, Орусиядагы кыргызстандыктардан 5000 рубль түшкөн.

Уланбек Эгизбаев "Элим, барсынбы?!" кайрымдуулук фондунун байкоочу кеңешинин мүчөсү эле. Анын өлүмүнөн кийин аталган фонд маркумдун жакындарына колдоо көрсөтүү максатында акция уюштурган. Кайрымдуулук иш-чарасы 8-августта аяктады.

"Азаттыктын" кабарчысы, көптөгөн иликтөөлөрү менен элдин эсинде калган Уланбек Эгизбаев 22-июлда 28 жаш курагында каза болгон. Милиция ал Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткенин билдирген. Анын өлүмүнүн себептерин иликтеген соттук-медициналык экспертизанын толук жыйынтыгы бир ай ичинде чыгышы керек.

Эгизбаевдин артында ата-энеси, эжелери, кош бойлуу жубайы калды. Ал бир үйдүн кенжеси жана жалгыз уулу болчу.