Кыргызстанда электрондук патент бериле баштады

Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик салык кызматы 1-августтан тартып патентти электрондук түрдө бере баштады. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, онлайн кызмат көрсөтүү азырынча Бишкек жана Ош шаарларынын тургундары үчүн жеткиликтүү. 1-октябрдан тартып ал республика боюнча колдонулат.

Салык төлөөчүлөр патенттерди өз тандоосу менен кааласа мурдагыдай кагаз түрүндө же электрондук форматта алса болот.

Быйыл июль айында Бишкек жана Ош шаарларында электрондук форматта патент берүү сыноо иретинде жүргүзүлдү.