Илон Маск "Tesla" компаниясын сатып алууну көздөп жатат

Илон Маск.

Миллиардер, инженер Илон Маск "Tesla" компаниясынын ар бир акциясын 420 доллардан сатып алып, аны жеке менчикке өткөрүп алууну максат кылууда. Ал "Twitter" баракчасына "каржы бар" деп жазды.

Масктын билдирүүсү "Tesla" компаниясынын акцияларынын 6,5%, кымбатташына алып келди. Азыр бир акциянын баасы 363 доллардан ашты.

Илон Маск "Tesla" компаниясынын 22 пайыз акциясына ээлик кылат.

7-августта Сауд Арабиясында мураскор ханзадда Мухаммед бин Салман көзөмөлдөгөн суверендүү фонд аталган компаниядагы үлүшүн үчтөн беш пайызга, эки миллиард долларга жеткирген.

"Tesla" – электромобилдерди өндүргөн алдыңкы америкалык компания. Ал 2003-жылы негизделген жана дүйнөгө белгилүү электротехник, физик Никола Тесланын атын алып жүрөт.