Казакстанда жаңы коргоо министри дайындалды

Нурлан Ермекбаев.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев Нурлан Ермекбаевди Казакстандын коргоо министри кылып дайындады.

Президенттин басма сөз кызматы 7-августта билдирдей, Ермекбаев 2016-жылдан бери коргоо министри болуп иштеп келген Сакен Жасузаковдун ордун басты.

Мындай кадрдык алмашууга эмне себеп болгону айтылган жок.

55 жаштагы Ермекбаев быйыл апрель айынан бери президенттин жардамчысы, Казакстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп келген. Ага чейин Дин жана жарандык коом маселелери боюнча министрликти жетектеген.

Казак, англис, орус, кытай жана португал тилдеринде сүйлөгөн Ермекбаев Казакстандын Кытай жана Түндүк Кореядагы элчиси болуп да эмгектенген.