Айнур Абдылдаева юстиция министри кызматынан бошотулду

Айнур Абдылдаева.

Айнур Абдылдаева юстиция министри кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгону 7-августта кабарланды.

Расмий маалыматта айтылгандай, Абдылдаева «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөгү» конституциялык мыйзамдын эрежелерине ылайык бошотулган.

Абдылдаеванын жумуштан кетишинин так себеби көрсөтүлгөн жок. Айрым маалымат булактары ал башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматын тапшырганын жазышты.

Айнур Абдылдаева 2018-жылдын апрелинде куралган жаңы өкмөттүн курамында министр болуп келген.