АКШ Иранга каршы санкцияларды калыбына келтирүүдө

Дональд Трамп Иран боюнча жарлыкка кол коюуда. 8-май, 2018-жыл.

Бүгүн, 7-августта АКШнын Иранга киргизген санкциялары күчүнө кирет. Ирандын өзөктүк программасы боюнча макулдашуудан чыгуу жөнүндө Вашингтондун чечимине Франция, Германия жана Улуу Британиянын тышкы иштер министрлери, ошондой эле Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча өкүлү Фредерика Могерини өкүнүч билдиришти.

Аталган үч өлкө Орусия жана Кытай менен бирге 2015-жылы АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын катышуусунда иштелип чыккан макулдашууну түзүүгө катышкан. Ага ылайык, Иран өзөктүк программасынан баш тартып, анын ордуна өлкөгө киргизилген санкциялар алынмак. Дональд Трамп бийликке келгенден кийин макулдашуудан чыгаарын билдирген.

Могерини Еевробиримдик менен Ирандын ортосундагы соода байланыштарын сактап калуу оор болорун мойнуна алды. Европанын инвестициялык банкы азыр эле Ирандагы европалык ишканалардын долбоорлорун колдобой жатат. Эми бул сыяктуу ишканалардын көбүнө Иран базарынан кетүүгө туура келерин, анткени алардын акцияларынын бир бөлүгү америкалыктарга тиешелүү экенин Франциянын RFI радиосу кабарлады.

Европа Биримдигинин өлкөлөрү менен Ирандын ортосундагы экономикалык байланыштын көлөмү анча чоң эмес. 2017-жылы ал болгону 20 миллиард еврону түзгөн.

Америкалык санкциялардын биринчи баскычы акча трансакцияларына бөгөт коюуга багытталган. Санкциялардын экинчи баскычы ноябрда күчүнө кирет. Негизинен Ирандын энергетика секторуна, мунай тармагына жана Борбордук банктын акча которуу тармагына чектөө киргизилмекчи.