Курман болгон журналисттерге “Редколлегия” сыйлыгы ыйгарылды

Орхан Жемал, Александр Расторгуев жана Кирилл Радченко.

Борбордук Африка Республикасында курман болгон орусиялык журналисттер Орхан Жемалга, Александр Расторгуевге жана Кирилл Радченкого “Редколлегия” сыйлыгы ыйгарылды.

Уюштуруучулар тараткан билдирүүдө сыйлык ыйгаруу кеч болсо да «Орхан Жемалдын, Александр Расторгуевдин жана Кирилл Радченконун орус журналистикасына кошкон өзгөчө салымын» баалоо экени айтылат. Сыйлыктын акчалай бөлүгү курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө берилет.

Режиссер Расторгиев өлгөндөн кийин кино тармагындагы “Лавровая ветвь” (“Лавр бутагы”) сыйлыгы ыйгарылды.

Жемал, Радченко жана Расторгуев июль айынын этегинде Африканын борборунда киши колдуу болгон. ​Чыгармачыл топ Африкага 28-июлда барып, 18-августта кайтып келмек. Алар “Вагнердин аскердик жеке компаниясы” (ЧВК Вагнера) деген ат менен белгилүү орусиялык кошуундун ал өлкөдөгү жалданма аскерлери жөнүндө Михаил Ходорковскийдин “Иликтөөлөр борбору” үчүн даректүү тасма тартышмак.

Ай сайын тапшырылчу “Редколлегия” сыйлыгы Орусиядагы эркин журналисттерди колдоого багытталган. Аны 2016-жылы Борис Зиминдин “Среда” фонду уюштурган.