Президент өкмөт башчыга демилгелерди элге жеткирүү боюнча сунуш айтты

Сооронбай Жээнбеков менен Мухаммедкалый Абылгазиев.

Сооронбай Жээнбеков менен Мухаммедкалый Абылгазиев.

Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди кабыл алып, аймактарды өнүктүрүү иштерин күчөтүү маселесин сүйлөштү. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, 6-августтагы жолугушууда Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун жолдору талкууланды.

Жээнбеков Абылгазиевге өкмөттүн жаңы демилгелери боюнча алдын-ала түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү сунуш кылды.

«Жаңы демилгелер дайыма алдын-ала түшүндүрүү иштерин талап кылат. Анткени жарандар аларды киргизүүнүн зарылдыгы эмнеде экенинен толук кабардар болушу керек», - деди президент.

Премьер-министр өкмөттүн кышка даярдыгы, күзгү талаа жумуштарын өткөрүү, «Коопсуз шаар», «Таза коом» жана башка программалардын, долбоолордун аткарылышы боюнча жумуштар жүрүп жатканын белгиледи.

Абылгазиев баштаган өкмөттүн алгачкы үч айлык ишинде жемкорлук кылмыштарынан өндүрүлгөн каражаттарды топтоочу атайын эсеп ачуу, чет өлкөдөн ташылган чөнтөк телефондорду каттатуу, таза сууну пайдалануу акысына 100 сомдон төлөм киргизүү сыңары демилгелер айтылып, коомчулукта ар кандай пикирлерди жараткан.