Помпео: АКШ Иранга санкцияларды кайра киргизет

Мамлекеттик катчы Майк Помпео. 25-июль, 2018-жыл.

Кошмо Штаттар Иранга каршы экономикалык санкциялардын жаңы топтому тууралуу деталдуу планын 6-августта сунуш кылганы турат. Май айында Дональд Трамп 2015-жылы Иран менен алты дүйнөлүк державанын ортосунда түзүлгөн макулдашуудан чыккандан кийин Вашингтон Иранга каршы “сакцияларды кайра күчүнө киргизээрин” билдирген.

Мамлекеттик катчы Майк Помпео Сингапурдагы саммиттен Вашингтонго жол тартып баратып Ак үй санкциялардын майда-чүйдөсүн 6-августта жарыялай турганын билдирип, бирок так убактысын айткан жок.

Америкалык аткаминерлер 7-августтан тартып Иран өкмөтү америкалык доллар менен соода-сатык жүргүзө албай каларын түшүндүрдү.

Бул санкциялар Ирандын автоунаа секторун, алтын жана башка баалуу металлдар менен соодасын жана өндүрүштүк технологиясын бутага алат.

Санкциялардын калган бөлүгү ноябрдан тартып күчкө кирет. Алар Ирандын энергетика секторуна, мунай тармагына жана Борбордук банктын акча которуу жолдоруна каршы багытталган.

Вашингтондун санкциялары бир катар чет өлкөлүк фирмалардын Тегеран менен кызматташуусуна бөгөт коймокчу.