Индонезия: зилзалада набыт болгондордун саны өсүп жатат

Индонезия, Ломбок шаары. 6-август, 2018-жыл.

Нуса Тенггара провинциясынын жергиликтүү бийлик өкүлү Росиади Саюти зилзала 142 адамдын өмүрүн жалмаганын индонезиялык "Метро TV" каналына билдирди.

Чукул кырдаалдар агенттигинин атайын өкүлү Сутопо Нугрохо бул кабарды тастыктаган жок. Ал каза тапкан адамдардын саны 90дон ашканын айтты. Бирок анын маалыматына караганда, куткаруучулар айрым аймактарга дагы эле жете элек, андыктан курмандыктардын саны мындан да көбөйүшү мүмкүн.

Күчү жети баллга жеткен зилзаладан эки жүздөн ашуун киши жабыркап, имараттар кыйрады. Матарам шаары ири зыян тартып, электр энергиясы үзүлдү. Куткаруу-тазалоо иштери уланууда, бирок алардын колу айрым жерлерге жете элек.

Ломбок - туристтер көп барган жер. АКШнын Геология кызматы билдиргендей, силкинүүнүн очогу аралдын түндүк жээктеринен 10 чакырым тереңдикте болгон. Анын күчү Бали аралында да сезилген.

Бир жума мурда да Ломбок аралында жер титирөөдөн 16дан ашык кишинин өмүрү кыйылган.