"Бишкек-Анталия" багытындагы учактын авариялык конуу себептери иликтенет 

"Манас" эл аралык аэропорту.

Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттиги "Азаттыкка" учактын эмне себептен кайра конгону иликтөөнүн жыйынтыгынан кийин белгилүү болоорун билдирди.

5-августта Бишкектен Түркиянын Анталия шаарына жөнөгөн кыргызстандык "Авиа Траффик" компаниясына таандык А-320 үлгүсүндөгү учак "Манас" аэропортуна кайра конууга аргасыз болгон.

Аэропорттун басма сөз катчысы Алия Курбанова билдиргендей, 111 жүргүнчү түшкөн учак эртең мененки саат 7.46да абага көтөрүлгөн. Үч мүнөттөн кийин "кыймылдаткычтардын биринде мүчүлүштүк бар" деген белги берилип, натыйжада 27 мүнөттөн кийин аба майданга конгон.

"Авиа Траффик" компаниясынын бул учагы Түркияга чартердик каттам менен туристтерди ташып бараткан. Окуядан кийин аталган компания жүргүнчүлөрдү башка рейс менен жиберүүнү чечкен.

29-июлда да "Авиа Траффиктин" "Ош-Анталия" багытында бараткан учагы 89 жүргүнчү менен абага көтөрүлүп, техникалык себептен улам кайра конгон болчу.

Жарандык авиация агенттиги мунун чоо-жайын иликтеп, учактын бурамасы чыгып кеткенин, анын кадыресе көрүнүш экенин билдирген. Быйыл 1-мартта да "Тез жет" авиакомпаниясынын Бишкек-Баткен каттамында бараткан учагынын бир кыймылдаткычы күйүп кетип, жарым жолдон артка кайткан.

Жарандык авиация агенттиги иликтөө жүргөнүн айтканы менен аба компанияларына кандай чара көрүлгөнүн коомчулукка жарыялай элек.