2018-жылдын башынан тарта июнь айынын аралыгында ички дүң продукциянын көлөмү 213,6 миллиард сомду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 0,1 пайызга өстү дегенди билдирет. Бул тууралуу 3-августта Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жыйынында билдирди.
- Кумтөр кенин кошпогондо өсүш 2,1% болду. Орточо жылдык инфляция 102,3% түздү. Аба ырайынын жагымсыз шарттарына жана күйүүчү-майлоочу материалдардын дүйнөдө кымбаттап кеткенине карабастан айыл чарба секторунда өсүш 1,6 пайызды түздү. “Айыл чарбасын каржылоо-6” долбоору боюнча алты ай ичинде республикалык бюджеттен 4,7 миллиард сом бөлүндү.
Өкмөт башчы өнөр жайдагы дүң продукция 108,7 миллиард сомго өндүрүлгөнүн кошумчалады.