Экономика министри сатыктан түшкөн салыктын өлчөмү тууралуу түшүндүрмө берди

Кыргызстадын Экономика министри Олег Панкратов

Кыргызстандын экономика министри Олег Панкратов сатыктан түшкөн салыкты эки пайыздан беш пайызга көтөрүү тууралуу түшүндүрмө берди.

- Сатыктан түшкөн салык системасын реформалоо үч жылдан бери жүрүп жатат. Биринчи этапта бул салык экспорттоочулар үчүн жоюлган. Экинчи этапта эсепти электрондук түрдө жүргүзгөндөр да бул салыкты төлөбөй турган болгон. Мындайча айтканда бул салык нак акча менен иш жүргүзгөндөр үчүн эле күчүндө калган. Биз ушундай эле пландаганбыз. Мындай аракеттер көмүскө экономиканын көлөмүн азайтууга багытталган. Бул мамлекеттик бюджетти толуктоого багытталбаганын баса белгилегим келет.

Панкратовдун айтымында алар же нак акчаны белгилүү бир өлчөмгө чейин колдонууга тыюу салуу же салыктын көлөмүн көбөйтүү тууралуу эки чечимдин ичинен акыркысын тандап алышкан. Муну менен министрлик ишкерлерди электрондук эсепке өтүүгө түртөт.

Айрым экономисттер министрликтин мындай демилгесин кескин сынга алган. Алардын айтымында, Кыргызстанда нак акча колдонгон адамдардын саны көп жана азыркы учурда эсепти электрондук түрдө жүргүзүүгө баарынын эле чамасы чак келбейт.

Экономика министрлиги Салык кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат. Ага ылайык сатыктан түшкөн салыктын көлөмү эки пайыздан беш пайызга көтөрүлөт. (KR)