Тажик бийлиги туристтерге кол салган беш кишинин ысымын атады

29-июлда Тажикстандын түштүк жагында орун алган кандуу окуя.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы 29-июлда велосипедчен туристтерге кол салган беш кишинин атын атады.

Көзөмөл орган тараткан билдирүүдө Хуссейн Абдусамадов деген киши террорчу топтун лидери болгонун жана ал кармалганы жазылган. Калган төртөө 29-июлдан 30-июлга караган түнү жүргүзүлгөн атайын операция учурунда жок кылынган. Алардын ысымдары Асомидин Ажидов, Зафар Сафаров, жана Нурек шаарынан келген эки бир тууган Аслиддин менен Жафар Юсупов.

Тажикстандын расмий маалыматына ылайык беш жоочу Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партясынын" мүчөлөрү болгон жана теракт аталган уюмдун буйругу менен ишке ашкан. Бирок жоочу көңүлдү бурдуруу максатында "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмуна ант берип жаткан видеону атайын Интернетке таратышкан.

29-июлда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарынан 150 чакырымдай жердеги кан жолдо саякатчыларды белгисиз адамдар күтүүсүздөн жеңил машине менен сүздүрүп, андан соң автоунаадан чыгып, бычак жана курал менен кол салышкан. Окуядан Нидерланд менен Швейцариянын бирден, ошондой эле АКШнын эки жараны мерт болгон.