Турдумамбетов: Ар бир жаран өлкөгө салым кошо алат
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
“Кыргызстандын өнүгүшүнө ар бир жаран салымын кошо алат”. Бул тууралуу Москва шаарында жайгашкан Philips компаниясынын Орусия менен КМШдагы мамлекеттик жана коомдук уюмдар менен иштешүү боюнча директору Назим Турдумамбетов “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. Ал чет өлкөдөгү мигранттардын ийгилиги, өз өлкөсүнө которгон каражаттардын натыйжалуу пайдаланышы жана инвестор болчуларга шарт түзүү, соңку жылдарда Кыргызстандагы өзгөрүүлөр боюнча ой бөлүштү.