Депутат Осмонбек Артыкбаевдин мүлкү камакка алынды

Осмонбек Артыкбаев.

Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты, "Коррупция" беренеси менен айыпталып камакка алынган Осмонбек Артыкбаевдин жана анын жакындарынын мүлкү камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын өкүлү Рахат Сулайманов "Азаттыкка" ырастады.

Маалыматка караганда, сот Артыкбаев менен анын жакындарына таандык мүлктү камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. Осмонбек Артыкбаев "Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо" долбоорундагы коррупцияга байланыштуу айыпталып быйыл 6-июнда кармалган.

Башкы прокуратура долбоор ишке ашырыла баштаган 2013-жылы ​ энергетика жана өнөр жай министри болуп турган Осмонбек Артыкбаев Кытайдын ТВЕА компаниясы менен Бишкек ЖЭБин 386 миллион долларга модернизациялоо тууралуу "Кыргызстанга ыңгайсыз шарттагы келишим түзгөн" деп айыптаган.

Кылмыш ишин УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тергеп жатат.

Төмөндө Осмонбек Артыкбаев жана анын жакындарынын камакка алынган мүлкүнүн тизмеси:

Автоунаалар:

- ГАЗ-53. 1992-жылы чыгарылган. Көгүш түстө;

- «Ауди 80», 1992-жыл. Кызыл түстө;

- «Лексус-ЛХ570», 2013-жыл. Ак түстө;

- «Лексус-GХ470», 2007-жыл. Күмүш түстүү;

- «Лексус-LХ470», 2006-жыл. Күмүш түстү;

-«Лексус-GХ460», 2011-жыл. Күмүш түстүү;

- «Мерседес-Бенц-Е350», 2006-жыл. Күмүш түстүү;

Кыймылсыз мүлк:

- Бишкектин Жеңиш көчөсү -12 дарегинде жайгашкан үй;

- Эркиндик, 58а дарегиндеги турак жай;

- Чыңгыз Айтматов 97/4 дарегиндеги жер тилкеси (ал эми darek.kg системасы менен текшергенде - Байтик айылындагы Давос шаарчасындагы жер тилкелери);

- Чыңгыз Айтматов 97/4, 1 дарегинде жайгашкан дүкөн;

- Киев көчөсү 38 дарегиндеги имарат;

- Геологдор көчөсү 28 дарегинде жайгашкан көп батирлүү турак жай;

- Байтик баатыр 57 дарегиндеги имарат;

- Манас, 8-үй, бешинчи батир;

Компаниялардагы үлүштөрү:

- «Ийгилик Биримдикте» коомдук фонду, Бишкек. Чүй проспектиси, 4а;

- «Ак Фонд» фонду. Бишкек, Чүй, 4а;

- Кыргыз-казак биргелешкен "Petroleum К & К" компаниясы. Бишкек, Эркиндик, 64/5;

- «Келечек - социалдык-экономикалык изилдөөлөр» коомдук фонду. Бишкек шаары. Эркиндик, 58а;

- «Лазурная гавань» жоопкерчилиги чектелген коому. Бишкек, Эркиндик, 58а;

- «Би Воет» жоопкерчилиги чектелген коому. Бишкек, Эркиндик, 58а;

- «Бишлонд» жоопкерчилиги чектелген коому. Эркиндик көчөсү, 58а дарегинде катталган компаниялардагы үлүштөрү жана андагы мүлктүн бардык түрү камакка алынды.

31-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту Артыкбаевдин бөгөт чарасын карап, аны 13-октябрга чейин камакта калтырган. (NT)