Бишкекте Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада 3-августта 1916-жылдагы кандуу окуялардын курмандыктары эскерилди. Ага тарыхчылар, жазуучулар жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Үркүндүн курмандыктарын эскерүү парламенттин мурдагы депутаты Бейшенбек Абдырасаковдун демилгеси менен уюштурулган. Эскерүүгө расмий бийлик өкүлдөрү келген жок.
Иш-чаранын алкагында 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшкө арналган китеп көргөзмөсү да ачылды.
1916-жылы Кыргызстандын эгемендиги үчүн улуттук-боштондук көтөрүлүш аеосуз басылган соң орус падышачылыгынын жазалоочу кошуундарынын мыкаачылыгынан Нарындагы, Чүйдөгү жана Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көпчүлүгү Кытай тарапка качууга аргасыз болгон.
Айрым тарыхчылардын айтымында, бул кайгылуу окуялардан улам аймактагы кыргыздардын саны дээрлик 40% азайган.
Көпчүлүк тарыхчылар бул каргашалуу окуядан улам бери дегенде 120 миң кыргыз набыт болгонун, башка да казак, дунган, уйгур тектүү далай көтөрүлүшчүлөр өмүрүнөн ажыраганын белгилешет.
Айрым орус жана украин тургундар Ысык-Көлдө кыргыздардын оторчулукка каршы боштондук көтөрүлүшү тарабына өтүшкөнү маалым.
Совет учурунда, өзгөчө 1950-80-жылдары, улуттук-боштондук көтөрүлүш жана Үркүн тууралуу чыныгы маалыматты жашыруу саясаты жүргүзүлүп, бул окуяларга объективдүү баа берилген эмес.
2015-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев "1916-жылдагы каргашалуу окуялардын 100 жылдыгы жөнүндө" жарлыкка кол койгон.
2016-жылы "Ата-Бейитте" жана башка жайларда 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүндө шейит болгондорго жаңы эстеликтер тургузулуп, автоунаа жүрүшү уюштурулган.
Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин токтому менен август айынын биринчи жума күнү Улуу Үркүндүн курмандыктарын эскерүү датасы катары аныкталган. 2016-жылы Үркүндүн 100 жылдыгына арналган көркөм тасма да тартылган. (ZA)