Түркмөнстанда Түркияга бараткан жаштарды чыгарбай жатышат

Ашхабаддын аба бекети.

Ашхабад аэропортунда Түркияга бараткан айрым жүргүнчүлөрдү өлкөдөн чыгарбай жатышат. Ошондой учурлардын бири тууралуу «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун түркмөн редакциясы кабарлады. Жергиликтүү тургундардын бири эжесин Түркияга окууга жөнөп жаткан жеринен миграция кызматы кое бербей койгонун айтып берди. «Документ, керектүү кагаздары, анын ичинде виза, спонсордук колдоо жөнүнө тастыктоосу болгонуна карабай, ата-энемди өткөрүп, эжемди алып калышкан», - деди редакцияга кайрылган киши. Анын айтымында, миграция кызматкерлери "жогорудан түшкөн буйрукка ылайык, жаш кыздарды чет өлкөлөргө окууга чыгарууга болбойт" деп жооп беришкен. Редакция расмий өкүлдөрдөн комментарий ала алган жок.

Буга чейин түркмөн бийлик өкүлдөрү Стамбул каттамына 19 кишини түшүрбөй коюшканы тууралуу кабар тараган. Алардын бардыгы түрк окуу жайларына документ тапшырууга ниеттенген абитуриенттер болчу. Миграция кызматы армияда кызмат өтөгөндөн кийин гана өлкөдөн чыгууга болоорун айткан. Бирок жигиттердин арасында армиядан кийинкилери деле бар болчу. Ал эми кыздарга тыюунун себебин түшүндүрүшкөн жок. Түркмөнстандын бийлиги өлкөдөн чыгууга чектөөлөр жөнүндө расмий билдирген эмес.

Буга чейин айтылган версиялардын бирине ылайык, Ашхабад кетип жаткан жаштар өлкөнүн аброюна көлөккө түшүрүп же радикалдуу диний агымдарга кошулушу мүмкүн деп чочулайт.