АКШнын Сенаты 1-октябрда башталып жаткан эмки финансылык жылдын коргонуу тармагынын бюджетин кабыл алды. Бюджетте каралган 717 миллиард доллардын 69 миллиарды өлкө сыртындагы аскердик операцияларды жүргүзүүгө сарпталмакчы. Өткөн жумада Өкүлдөр палатасы жактырган документке эми президент Дональд Трамп кол коюуга тийиш.
Мыйзам долбоорунда ошондой эле туруктуу армиянын санын 15 миңден көп кишиге көбөйтүү каралган. Документ Түркияга F-35 кыйраткыч учактарын сатууга тыюу салат. Мындай кадамга Вашингтон Анкаранын Орусиядан зениттик ракета комплекстерин алгандыгы үчүн барды. Жаңы бюджет боюнча АКШ Украинага 250 миллион долларга аскердик жардам бермекчи. Анын 50 миллиону курал-жаракка кетет деп каралган.