Балыкчыда "көлгө чөктү" деген киши тирүү табылды

Ысык-Көл.

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы “Сейил” пляжында "сууга чөгүп кетти" деп изделип жаткан 23 жаштагы жаран ошол эле аймактагы боз үйлөрдүн биринен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

1995-жылы туулган Б.А. аттуу жарандын сууга чөгүп кеткени тууралуу маалымат 1-августта келип түшкөн. Издөө иштерине төрт куткаруучу тартылган. 2-августта издөө иштерин улантыш үчүн үч куткаруучу жана ИИМден үч кызматкер тартылган. Бирок "чөктү" деген маалымат туура эмес болуп чыккан. (КЕ)