III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына үч миңге жакын билет сатылды

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында тартылган сүрөт. 9-сентябрь, 2016-жыл.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш салтанатына үч миңге жакын билет сатылды. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, 1-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул оюндарды өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөргөн. Анда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов уюштуруу маселеси, объектилердин курулушу жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Ал эми Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов саамалыкка билеттер үч шаарда: Бишкек, Ош жана Чолпон-Атада сатылып жатканын билдирди. Билет баасы 400дөн 4 миң 900 сомго чейин.

Кубатбек Боронов белгилегендей, билет сатуудан түшкөн каражаттар Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду колдоого жана аны мындан ары өркүндөтүүгө жумшалат.

Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга мамлекеттен 307 млн. сом каралган. Уюштуруучулардын айтымында, бөлүнгөн каражат иш-чараны уюштуруунун 50 пайызына гана жетет. Андыктан демөөрчүлөрдөн дагы кошумча 200 миллиондон ашык каражат каралууда.

Көчмөндөр оюндары 2-сентябрда башталып, 8-сентябрда жыйынтыкталат. (ErN)