Орусия Армениядагы мурунку лидерлердин камалышын сындады

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва Армениядагы жаңы бийликтин мурдагы лидерлерге кылган мамилесине тынчсызданып турганын билдирди. Ал жаңы армян жетекчилеринин кадамдарында саясий өңүт бар экенин 31-июлда айтты.

"Соңку бир канча күндөгү окуялар Армениянын жаңы жетекчилигинин "мурдагы лидерлерди саясий куугунтукка албайбыз" деген билдирүүлөрүнө каршы келет", - деди Лавров.

Орус тышкы иштер министринин мындай билдирүүсүнөн мурда Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочарян камакка алынган. Ага 2008-жылкы президенттик шайлоодон кийинки 10 адамдын өмүрүн алган нааразылык акцияларына байланыштуу "конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылган" деген айып тагылган.

Ушундай эле кине Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун төрагасы, армениялык генерал-полковник Юрий Хачатуровго да коюлуп жатат.

Арменияда апрелдеги элдик толкундоодон кийин бийлик башына келген Никол Пашиняндын өкмөтү май айынан бери ири антикоррупциялык өнөктүк жүргүзүп жатат. Андан бери мурдагы президент Серж Саргсяндын бир тууган инисине "мыйзамсыз байыган" деп кылмыш иши козголуп, издөө салынды.

Саргсяндын дагы бир өнөктөшү, республикачыл депутат Манвел Григорян "коргоо министринин орун басары болуп турган кезинде жоокерлердин ырыскысын тартып алган" деп айыпталып камакка алынган.