Кытайда мамлекеттик каражатты сарамжалдуу пайдаланбаган аткаминерлер жазаланды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кытайдын Коммунисттик партиясы Мамлекеттик каражатты сарамжалдуу пайдалануу кодексин бузгандыгы үчүн 37 миң аткаминерди жазага тартты. Бул тууралуу британиялык "Guardian" басылмасы кабарлады. Анын маалыматына ылайык, эң көп уруксатсыз бонустарды берүү, белек-бечкек тартуулоо, кызмат машинелерин жеке максаттарда пайдалануу, мамлекет эсебинен ресторандарда тамактануу өңдүү эрежелер бузулганы катталган.

Гезит ашыкча каражат короткон аткаминерлерге каршы күрөшкөн кодекс 2012-жылы Си Цзинпин бийликке келгенде кабыл алынганын эске салат. Кытайдын антикоррупциялык мекемеси ошол жылдан бери паракорлук үчүн 1 жарым миллион аткаминерди жоопко тарттты.