ЖМК: Түндүк Кореянын ракета чыгарган заводунда өндүрүш уланып жатат

"Reuters" агенттиги өз булактарын таянып жазгандай, жандоочтон алынган сүрөттөрдөн унаалар заводго тез-тез кирип чыгып жатканын көрүүгө болот. 29-июль, 2018-жыл.

АКШнын чалгын жандоочтору Түндүк Кореядагы кубаттуу баллистикалык ракеталарды чыгарган заводдо иш тынымсыз уланып жатканын аныктады. Бул тууралуу бир катар дүйнөлүк алдыңкы басылмалар америкалык расмий өкүлдөргө шилтеме менен жазышты.

Маалыматка ылайык, Түндүк Корея Пхеньяндан алыс эмес Санумдон заводунда бир же эки континент аралык баллистикалык ракетаны жасап жатышы мүмкүн.

"Reuters" агенттиги өз булактарын таянып жазгандай, жандоочтон алынган сүрөттөрдөн унаалар заводго тез-тез кирип чыгып жатканын көрүүгө болот.

Азырынча АКШ же Түндүк Корея соңку кабарлар боюнча расмий маалымат бере элек. Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Ким Дук Хван да бул маалыматты тастыктап же четке каккан жок.

Маалымат бышыкталса, АКШнын президенти Дональд Трамптын Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугушуудан кийинки билдирүүсүнөн күмөн санатышы мүмкүн. Трамп "Пхеньян июндагы саммиттен кийин АКШ үчүн өзөктүк коркунучтун булагы болбой калды" деп айткан.

Ошол эле учурда өткөн аптада АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Сенаттын Тышкы иштер комитетинде суроолорго жооп берип жатып, Пхеньян өз убадаларына карабастан өзөктүк куралга керектүү материалды өндүрүп жатканын айткан.