ЛГБТ өкүлдөрүнө болгон куугунтуктун айынан 125 адам Чеченстандан чыгып кеткен

Иллюстрациялык сүрөт.

2017-жылдын башында жыныстык азчылык өкүлдөрүнө карата куугунтуктан улам Чеченстандан 125 киши чыгып кеткен.

Бул тууралуу "Коммерсантъ" басылмасына "Российская ЛГБТ-сеть" кыймылынын активисттери айтып берген. Алардын айтымында, 49 адамды укук коргоо органдары жыныстык азчылык өкүлдөрү экенин мойнуна алдырып, тааныштары жөнүндө маалымат талап кылган.

Кармалгандардын 37си укук коргоо органдарында кыйноого кабылганын билдирген. ЛГБТ өкүлдөрүнүн көпчүлүгүнүн туугандары, жакындары опузадан улам өлкө аймагынан чыгып кеткен.

"Российская ЛГБТ-сеть" кыймылы орус бийлигинин Чеченстандагы кумсаларды куугунтуктоо фактысы бар экенин моюнуна албаганына тынчсыздануусун билдирет.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун кыйноого каршы комитетинин жыйынында Орусиянын өкүлү жыныстык азчылык өкүлдөрүнө карата кыйноо фактысы болгону ырасталбаганын маалымдаган. Ал эми чечен бийлиги ЛГБТ өкүлдөрүнө куугунтук болбогонун жана өлкөдө кумсалар жок экенин айтып келет. (TSh)