Москвадагы митингде кармалган активисттер бошотулду

Москвадагы пенсия реформасына каршы акция. 29-июль, 2018-жыл.

Москвада пенсия курагын көтөрүүгө каршы жекшемби күнү өткөн митингде кармалган активисттердин баары бошотулду. Либертариандык партиянын лидери Сергей Бойко, оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын Москвадагы штабынын координатору Олег Степанов жана митингдин алып баруучусу Михаил Чичков "акция өткөрүүнүн эрежелерин бузду" деген протокол толтурулгандан кийин полиция бөлүмүнөн коё берилди.

Москванын академик Сахаров проспектисинде өткөн акцияга 2 миңден 6 миңге чейин киши катышканы кабарланды. Митингчилердин арасында Либертариандык партиянын, "Яблоко" партиясынын, "Ачык Орусия" кыймылынын жана Навальныйдын тарапкерлери жүрдү.

Андан бир күн мурда Москвада Коммунисттик партия баш болгон саясий топтордун өкүлдөрү да пенсия реформасына каршы жүрүшкө чыккан.

Орус өкмөтү июнь айында жарыялаган планга ылайык, өлкөдө пенсия курагы 2019-жылдан тартып акырындык менен көтөрүлөт. Өкмөттүн сунушун Мамлекеттик Дума биринчи окууда колдоп берди. Бул реформа боюнча, 2028-жылга барып эркектер 65, ал эми 2034-жылга барып аялдар пенсияга 63 жаштан чыгышы керек. Учурда Орусияда эркектер 60, аялдар 55 жаштан пенсияга чыгышат.

Орус президенти Владимир Путин пенсия реформасы боюнча азырынча акыркы чечим кабыл алына элек экенин белгилеп, "бул маселе аркылуу өзүн реклама кылгандар" бар экенин айтып, алардан башкалардын баарынын пикирин угуп көрөрүн билдирген.