Гепатит дарты өлкөнүн түштүк аймагында көп катталууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда жыл башынан бери гепатитти үч миңдей адам жугузуп алган. Бул көрсөткүч 2017-жылга салыштырмалуу 20% жогору.

Министрликтин маалыматы боюнча, оору Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында көп катталып жатат. Алыскы аймактарда таза суунун тартыштыгы гепатиттин А түрүнүн (сарыктын) жайылышына себеп болууда.

Кыргызстанда гепатиттин ар кандай түрү менен жылына 8 миңден 22 миңге чейин адам ооруйт. Алардын 80% балдар түзөт.

Гепатит дарты боорду жабыркатып, адамды алсыратат.

Медициналык жол менен же таза эмес ийне аркылуу дүйнөдө жыл сайын 2 миллионго чукул кишиге гепатиттин В, С жана D түрлөрү жугат.

Гепатиттин вирусу оңой менен өлбөйт, айрым дезинфекциялоочу заттарга туруштук бере алат. Аны дарылоо узак убакытты талап кылат. (TSh)