Ирандын улуттук валютасы - риалдын куну түшүп, 29-июлда жаңы төмөнкү чекти көрсөттү. "Ассошиейтед пресс" агенттиги кабарлагандай, бир күн мурда жашыруун акча алмаштыруучу жайларда бир доллар 98 миң риал турса, жекшемби күнү 112 миң риалды түздү.
Өкмөттүн расмий курсуна ылайык, учурда бир доллар 44070 риалга барабар. Жыл башында бир доллар 35 миң риалды түзүп турган.
Ирандын улуттук валютасынын курсу май айында АКШ Тегеран менен дүйнөнүн алты державасы кол койгон өзөктүк келишимден чыгып кеткенден тарта төмөндөй баштаган. Риалдын нарксызданышына Американын кийинки айда Иранга мурда алынган санкцияларды кайра киргизүү планы да себепчи болду.
Өткөн жумада өкмөт валюта рыногундагы олку-солку абалды жөндөй албаганы үчүн Борбордук банктын директору Валиоллах Сейфти кызматтан алган.
АКШ Иранга эки стадия менен санкцияларды кайра киргизүүнү көздөп жатат. 6-августта жана 4-ноябрда жарыялана турган санкциялар бир катар чет өлкөлүк фирмалардын Тегеран менен кызматташуусуна бөгөт коймокчу.
2015-жылы кол коюлган келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеп, эл аралык коомчулук бул өлкөгө киргизген санкцияларын жеңилдетмей болгон.