Түркия сентябрда Сирия маселеси боюнча саммит уюштурат

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Түркия Сириядагы жаңжал сыяктуу чөлкөмдүк маселелерди талкуулаш үчүн сентябрь айында Франциянын, Германиянын жана Орусиянын катышуусунда саммит өткөрүүнү пландап жатат. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын мындай билдирүүсүн түрк басылмалары 29-июлда жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, саммит 7-сентябрда Стамбул шаарында өтөт. Азырынча жыйындын күн тартибинде башка кандай маселелер бар экени так айтылган жок. Москва, Париж же Берлин түрк лидеринин бул айткандарын тастыктай элек.

Орусия менен Иран Сирияда жети жылдан бери токтобой келе жаткан согушта президент Башар Асадга колдоо көрсөтүп келатышат. Түркия, Франция жана Германия Сириядагы көтөрүлүшчүлөрдү колдошот.

Бул аптада түрк лидери Эрдоган орус президенти Владимир Путин менен Йоханнесбургда өткөн БРИКСтин саммитинин алкагында кездешкен. Эрдоган жакын арада Тегеранда Орусиянын жана Ирандын лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөөрүн айткан.

Түркия, Орусия жана Иран былтыртан бери Казакстандын борбору Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келишкен. Мындай форматтагы кезектеги сүйлөшүү 30-31-июлда Орусиянын Сочи шаарында болгону жатат.