Чет элдик студенттер даттанган окуу жайдын лицензиясы чакыртып алынат

Эл аралык илим жана бизнес университетинин студенттери. Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги Бишкектеги Илим жана бизнес боюнча эл аралык университеттин медициналык багыттагы лицензиясын кайра чакыртып алат. Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Кудайберди Кожобеков “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим окуу жайы министрлик койгон талаптарды аткарбаганы үчүн жана чет элдик студенттерге байланыштуу чыр-чатактардан кийин көрүлгөнү турат.

- Бул окуу жайынын шарттарын, жагдайларын карап көрүп, талапка жооп бербегендиктен медициналык дарылоо иши боюнча лицензиясын убактылуу токтотконбуз. Эгер азыр студенттердин бул жылкы сессиялары бүтсө, аларды башка окуу жайларына которуп жиберебиз да, лицензияны биротоло кайтарып алабыз. Аны биз сот аркылуу чакыртып алабыз. Ага документтер даярдалып жатат. Биз билгенден бул университетте 110дой чет элдик студент билим алчу. Алар келишим акы боюнча талаш маселесин ошол окуу жайынын ээси менен өздөрү чечишип алышы керек. Ал эми ишти болсо күч кызматтары иликтеп, чекит коет, ага биз кийлигише албайбыз, -деди Кудайберди Кожобеков.

Эл аралык илим жана бизнес университетинин жетекчиси Нургалы Асаналиев бир нече факты боюнча алдамчылык боюнча шектүү катары 27-июлда кармалган. Анын үстүнөн окуу жайында билим алган элүүдөй индиялык студент ар бири 2900 доллардан келишим акы төлөп, окуудан айдап жибергенин айтып арыз жазышкан. Чет элдик студенттер буга чейин Кыргызстандын президентине чейин кайрылууга үлгүргөн. Ишти Бишкек милициясы жана Финансы полициясы иликтөөдө.

Бишкектеги Илим жана бизнес боюнча эл аралык университет 2016-жылы ачылган. Билим берүү мекемеси бизнес, экономика жана медицина багытында орто жана жогорку кесиптерге окутат. Келишим акысы 1200 доллардан 2900 долларга чейин жетет. Бул аралыкта окуу жай 700гө чейин студентти топтой алган. (ErN)