Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн өз администрациясында Палестина автономиясынын тышкы иштер министри Рияд Малки баштаган делегациясы менен жолукту.
Президенттик аппараттын маалыматтык саясаты бөлүмү кабарлагандай, жолугушууда эки тараптын кызматташтыгын бекемдөөчү жана тереңдетүүчү маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланды. Жээнбеков бул иш сапары кыргыз-палестин мамилелерин жаңы деңгээлге чыгарарын белгиледи.
Палестин тышкы иштер министри Рияд Малки өз кезегинде автономия президенти Махммуд Абасстын аларга келип кетүүгө чакыруусун Сооронбай Жээнбековго тапшырды.
2012-жылы БУУнун Башкы ассамблеясынын Палестин автономиясынын макамын көтөрүп, аны “мүчө эмес байкоочу мүчө өлкө” деп тааныган резолюциясын 138 өлкө, анын ичинде Кыргызстан да колдогон.
БУУда сүйлөгөн учурунда 2011-жылы мурдагы президент Роза Отунбаева, Кыргызстан Палестина БУУнун толук укуктуу мүчөсү болушун жактай турганын билдирген. (UE)