Баткенде кылмышка шектүү катары кармалган адам изделүүдө.
Милициянын маалыматына караганда, окуя 26-июлда Кызыл-Кыя шаарында болду. Уурулукка шектүү катары кармалган адамдын денесине кызыл тактар чыгып кеткендиктен ал ооруканага жаткырылган.
Издөө иштери жүрүп жатат, блок-посттор коюлуп, шектүү тууралуу маалымат бардык милиция бекеттерине жөнөтүлдү.