Финполиция: Психикалык оорулуу адамга айдоочулук күбөлүк берилген

Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) психикалык жактан оорулуу адамга айдоочулук күбөлүк берүү фактысына байланыштуу кылмыш иши козголгонун маалымдады.

Финполициянын билдиргенине караганда, Чоң-Алай районунун Кызыл-Тоо айылынын тургуну психикалык диспансерде каттоодо турганына карабастан ага “дени сак” деген маалымкат жана ошонун негизинде айдоочунун күбөлүгү берилген.

24-июлда Финансы полициясы чогулткан материалдардын негизинде Чоң-Алай районунун прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Документтерди жасалмалоо” беренелеринин негизинде иш козгоду.

Учурда Финполиция бул сыяктуу фактыларды аныктоо максатында жалпы республика боюнча текшерүү жүргүзүп жатат. (RK)