Замандаштары: Уланбек мыкты инсан катары из калтырып кетти

"Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин алдында Уланбекти эскерүү. 23-июль, 2018-жыл.

"Азаттыктын" журналисти, маркум Уланбек Эгизбаевдин күтүүсүз өлүмүнө байланыштуу маркумдун ата-энесинин, жубайынын, бир туугандарынын жана кесиптештеринин дарегине мамлекеттик органдардан, коомдук уюмдардан, замандаштарынан көңүл айтуу каттары тынымсыз келип жатат. Анда Уланбек аз жашаса да, артында өчпөс из калтырып кеткени бир ооздон белгиленүүдө.

Өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана улут аралык мамилелер агенттиги жазган катта "Уланбек өзүнүн кыска өмүрүндө мыкты кесипкөй журналист, элин сүйгөн чыгаан патриот инсан катары атын түбөлүк калтырып кетти. Анын ишмердиги жана жетишкендиктери “Азаттыктын” аброюн да көтөрдү десек жарашат. Уланбектей мыкты журналисттерди дагы тарбиялай бериңиздер" деп жазылган.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаевдин атынан келген катта "Уланбек Эгизбаевдин жигердүү жарандык позициясы, талыкпаган аракети жана жогорку адистик кесипкөйлүгү өсүп келе жаткан муун үчүн үлгү болот деп терең ишенем. Уланбектин ата-энесине, бир туугандарына, жакындарына жана “Азаттык” үналгысынын чыгармачыл жамаатына орду толгус оор жоготууга учурап турган ушул кыйын кырдаалда терең кайгыруу менен көңүл айтам" деп айтылган.

Кыргызстандагы "Жол коопсуздугу" коомдук бирикмесинин жамааты Уланбек Эгизбаевдин өлүмүн терең кайгыруу менен кабыл алганын билдирген. "Уланбек өтө курча темаларды, сюжеттерди чагылдырып жаткан. Жол коопсуздугу темасын да бир нече жолу чагылдырып, маектерди жүргүзүп калчу эле" деп эскеришкен.

Уланбек Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн убакта күтүүсүз каза тапты. Милициянын маалыматына караганда, ал Кара-Ой айылындагы “Акун” пансионатында эс алып жүргөндө сууга чөгүп, аны көргөндөр жээкке чыгарышкан. Ал "Тез жардам" менен Чолпон-Атадагы ооруканага жеткирилип, дарыгерлер өмүрүн сактап кала алган эмес. 23-июлда маркумдун сөөгү Бишкекке экспертизага жеткирилип, эртеси өзү туулуп-өскөн Кочкор районунун Көк-Жар айылына коюлду.

Курч макалаларды жазып, тайманбастыгы менен жүрөктө калган кесиптешибиз Уланбек Эгизбаевдин жаркын элесине "Азаттыктын" кеңсесинде эскерүү дептери ачылган. Дептер маркумдун ата-энесине, жакындарына берилет.