Журналист Уланбек Эгизбаевдин сөөгү жерге берилди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Азаттыктын" чыгаан журналисти Уланбек Эгизбаевдин сөөгү 24-июлда өзү туулуп-өскөн Кочкор районунун Көк-Жар айылына коюлду. Уланбек Эгизбаев коомдогу курч маселелерди тайманбастан козгогон, Кыргызстандын коомчулугунун сүймөнчүгүнө айланган таланттуу иликтөөчү журналист болчу. Ал 22-июлда 28 жашында көз жумду.