Бүгүн Ош шаарында журналист Уланбек Эгизбаев эскерилет

Уланбек Эгизбаевди эскерүү митинги. Бишкек, 23-июль, 2018-жыл.

23-июлда саат 14:00дө Ош шаарында журналисттер аллеясында "Азаттыктын" кабарчысы Уланбек Эгизбаевди эскерүү жыйыны өтөт.

Бүгүн "Азаттык" радиосунун Бишкектеги кеңсесинде да маркумду эскерген митинг-реквием болду.

Курч иликтөөлөрү менен таанылган журналист, "Азаттыктын" кабарчысы Уланбек Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлгө эс алууга барган жеринен сууга чөгүп, кийин Чолпон-Ата шаарында ооруканада каза болду. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы журналист кырсыктаган “Акун” пансионатына тергөөчүлөр тобу жөнөтүлгөнүн маалымдады. Окуяны министрлик көзөмөлүнө алды.

Уланбек Эгизбаевдин сөөгү 24-июлда өзү туулган Кочкор районунун Көк-Жар айылында коюлат. Журналисттин тажиясы саат 10.00дө болот. Учурда маркумдун сөөгү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлүп жатат.

Уланбек Эгизбаев 1990-жылы Нарындын Кочкор районунда туулган. Ал 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратурасын аяктаган. "Азаттык" радиосунда 2013-жылдан тарта иштеп келе жаткан.

"Азаттыктын" жамааты Уланбек Эгизбаевдин ата-энесине, жубайына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Эскерүү жыйыны төмөнкү даректе болот: Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү. Ош Улуттук кыргыз драма театрынын оң капталы. (YI\ErN)