"Азаттыктын" кабарчысы Уланбек Эгизбаевдин сөөгү 24-июлда жерге берилет

Уланбек Эгизбаев “Кыял” даректүү тасмасы үчүн дүйнөлүк "Webby Awards" сыйлыгын алган учурда. Нью-Йорк, 2016-жыл.

"Азаттыктын" кабарчысы Уланбек Эгизбаевдин сөөгү 24-июлда өзү туулган Кочкор районунун Көк-Жар айылында коюлат. Журналисттин тажиясы саат 10.00дө болот.

Учурда маркумдун сөөгү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлүп жатат.

Курч иликтөөлөрү менен элге кеңири таанылган Уланбек Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлгө эс алууга барган жеринен сууга чөгүп каза болду.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы журналист кырсыктаган "Акун” пансионатына тергөөчүлөр тобу жөнөтүлгөнүн жана окуя көзөмөлгө алынганын билдирди. Жакындарынын чечими менен Эгизбаевдин сөөгү 23-июлга караган түнү Чолпон-Атадан Бишкекке экспертизага алынып келди.

Бүгүн саат 11:00дө Фурманов көчөсү, 12 дарегинде жайгашкан "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинде Уланбек Эгизбаевди эскерүү жыйыны өтөт.

Маркум болгону 28 жашта болчу. "Азаттыктын" жамааты анын ата-энесине, жубайына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Уланбек Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Кочкор районунда туулган. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. "Азаттык" радиосунда 2013-жылдан тартып иштей баштаган.