Уланбек Эгизбаевдин сөөгү соттук-медициналык экспертизага жиберилди

Уланбек Эгизбаев президенттин басма сөз жыйынында суроо берип жаткан кези. 1-август, 2016-жыл.

“Азаттыктын” журналисти Уланбек Эгизбаевдин сөөгү соттук-медициналык экспертизага жиберилди. Маркумдун сөөгү 23-июлга караган түнү Чолпон-Атадан Бишкекке жеткирилди. Экспертиза бүгүн жүргүзүлө баштайт.

Курч иликтөөлөрү менен элге кеңири таанылган Уланбек Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлгө эс алууга барган жеринен сууга чөгүп каза болду.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы журналист кырсыктаган "Акун” пансионатына тергөөчүлөр тобу жөнөтүлгөнүн жана окуя көзөмөлгө алынганын билдирди.

Бүгүн саат 11:00дө Фурманов көчөсү, 12 дарегинде жайгашкан "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинде Уланбек Эгизбаевди эскерүү жыйыны өтөт.

Эгизбаев болгону 28 жашта болчу. "Азаттыктын" жамааты Уланбек Эгизбаевдин ата-энесине, жубайына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Уланбек Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Кочкор районунда туулган. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. "Азаттык" радиосунда 2013-жылдан тартып иштей баштаган.