Актау шаарынын КВН боюнча курама командасынын мурдагы мүчөсү Данияр Алимбаев каза болду. Милициянын маалыматына караганда, 22-июлга караган түнү мушташта Алимбаевдин бутуна бычак сайылып, кан тамырлары жабыркаган. Ал алган жараатынан ооруканада көз жумду.
Lada.kz порталы маркумдун досторунун айткандарына таянып, КВН оюнчусу мушташка тиешеси болбогонун маалымдады. Tengrinews.kz порталы укук коргоо органдары “Киши өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүүлөр кармалганын, бирок алардын саны азырынча айтылбай жатканын жазды.
32 жаштагы КВН оюнчусу Данияр Алимбаевдин артында төрт баласы калды.
Көркөм муз тебүү боюнча белгилүү спортчу Денис Тенди дагы 19-июлда түштө Алматынын борбордук бөлүгүндө кылмышкерлер бычактап кетишкен. Полициянын маалыматына караганда, ага автоунаасынын күзгүсүн уурдагысы келген эки адам кол салган. Учурда кылмышка шектелгендер кармалып, адвокаттардын катышуусунда сурак берип жатышат. (TSh)