Ибраимовдун адвокаты Интернетке чыккан аудио боюнча пикирин айтты

Бир нече кылмышка шектелип кармалган Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовдун жактоочусу Сергей Слесарев Интернетте тараган аудио боюнча “Азаттыкка” комментарий берди. Ал жарандардын кадыр-баркына көлөкө түшүргөн жалган маалыматтардын Интернетке жарыяланганы мыйзамсыз экенин билдирди.

- Мен мындай нерселердин коомчулукка жарыяланышын туура эмес деп эсептейм. Анткен анын булагы белгисиз. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы да мыйзам боюнча мындай нерселерден алыс болушу керек. Бул Албек Ибраимовдун кадыр-баркын, аброюн түшүрөт. Андыктан таратып жаткан жаран мыйзам бузууда. Ал эми анын чын же жалган экени үчүнчү маселе. Мен ал аудиону уга элекмин, бирок бул мыйзамсыз экенин айта алам, – деди Слесарев.

Ошондой эле адвокат Сергей Слесарев Ибраимовдун кармалышында мыйзам бузуулар болгонун белгилеп, мурдагы мэр атайын кызматтын тергөөчүсүнүн талаптарына көнбөй койду деген маалымат жалган экенин кошумчалады.

21-июлда жергиликтүү сайттардын биринде аудио чыккан. 35 секундалык аудиодо "паракорчулук үчүн 20 жылга соттолгондон көрө киши өлтүрүп кармалып, снайпер менен коргоном" деп сүйлөп жаткан адамдын үнүн угууга болот.

Мурдагы мэрдин тарапкерлери УКМК кызматкерлери Ибраимовду кармап кетип жатканда анын күзөтчүлөрүн сабап, үйүндөгү видеокөзөмөл тасмаларын алып кеткенин айтып чыгышкан. Бирок Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "Бишкек шаарынын мурдагы мэрин кармоо учурунда анын сакчылары сабалды" деген маалымат чындыкка дал келбесин, “Ибраимов "курал колдоном" деп айтканы, жакынкы айылдардын элинин артына жашынууга аракет кылганы анык” деп маалымат тараткан.

13-июлда Бишкек шаардык кеңеши Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен ал иштен бошотулган. Ушул эле күнү ал бир нече кылмышка шектелип УКМКнын тергөө абагына камалган. (TSh)