Германиядагы кол салуудан 14 киши жабыркады

Иллюстрациялык сүрөт.

Германиянын түндүгүндөгү Любек шаарында автобустун жүргүнчүлөрүнө белгисиз адам бычак менен кол салып, 14 киши жаракат алды. Алардын экөө оор абалда. Бул тууралуу жергиликтүү Luebecker Nachrichten гезити жазды. Полиция курман болгондор жоктугун ырастады.

Күбөлөрдүн айтымында, кылмышкер автобустун ичинде бараткан жеринен тура калып эле жанында отургандарды туш келди бычак менен ургулап баштаган. Айдоочу автобусту токтотуп, эшиктерди ачкан.

Шектүү кармалганы маалым болду. Ал ирандык экени кабарланууда. Кылмышка эмне себептен барганы белгисиз.