Синоптиктер 20-23-июлда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында абанын күндүк орточо температурасы климаттык нормадан 4…6° жогору болуп, дыйканчылык аймактарда кургак жана ысык болорун эскертүүдө.
Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткенде күндүз 37-40 градуска жетет.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу керек экенин билдирди.
7-9-июлда да Кыргызстанда күн ысып, көлөкө тийбеген асфальт жерлерде 60 градуска жеткени кабарланган.