Президент менен коомдук активисттердин жолугушуусу

Диалогдун алкагында мамлекеттин турмушуна жана мамлекеттик органдар менен жарандык сектордун ортосундагы өз ара аракеттенүүгө тиешелүү маселелер боюнча пикир алмашуу болууда.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүүдө.

«Биз жарандык сектор менен иштешүүгө, өнөктөш болууга даярбыз, конструктивдүү идеяларга жана сынга ачыкпыз” деп билдирди бүгүн мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушууда.

Диалогдун катышуучуларынын арасында белгилүү саясатчылар жана активисттер Равшан Жээнбеков, Бегалы Наргозуев, Турсунбек Акун, Чолпон Жакупова, Рита Карасартова, Эдил Байсалов, Адил Турдукулов, Дирана Ошурахунова, Сапар Аргымбаев, Төлөкан Исмаилова, Бүбүсара Рыскулова, Токтайым Үмөталиева жана башкалар, жалпысынан 40 адам бар.

Президент бейөкмөт уюм болобу, мамлекеттик структура болобу, өлкөнүн жана элдин жашоосун жакшыртууга умтулушу керек экенин белгиледи. «Силерди мамлекеттин келечегине бейкапар карабаган, жогорку интеллектуалдык дарамети бар адамдар катары билем” деди ошондой эле Жээнбеков.

«Силерди мамлекеттин келечегине бейкапар карабаган, жогорку интеллектуалдык дарамети бар адамдар катары билем” деди ошондой эле Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн жарандык сектордун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп жатат.