Түптө чагылгандан мал кырылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдө Түп районунун Суран жайлоосунда чагылган түшүп, 44 баш кой, 12 баш эчки өлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя 17-июлда саат 22:00 чамасында Кутургу айылында жайгашкан Суран жайлоосунда болгон.

18-июль күнү ӨКМнын Жарандык коргонуу комиссиясынын катышуусунда Кутургу айылынан 6 чакырым алыстыктагы мал көмүлүүчү жайга өлгөн жаныбарлар белгиленген тартипте көмүлдү.