Мамбетова: Памирлик кыргыздарга жер бөлүүгө убада берилген эмес

2017-жылдын 13-октябрында Нарынга келген памирдик кыргыздар.

Кичи Памирден келген кыргыздарга бийлик "жер же турак жай беребиз" деген маселе көтөргөн эмес. Бул тууралуу “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу учурунда Мамлекеттик миграция кызматынын кайрылмандар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Жыпар Мамбетова билдирди. Анын айтымында, памирлик кыргыздарга "Кыргызстандын жашоосун көргүлө, биздин максат - силердин балдарды окутуп берүү" деп айтылган:

- Жапырт бул жакка көчүрүп келүү деген маселе такыр көтөрүлгөн эмес. Ооган бийлигинин да өз аймагында жашап жаткан кыргыздардын "массалык эмиграция болушуна каршыбыз" деген атайын бизге расмий нотасы бар. Биздин кандаш, боордош болгон күндө да Ооганстандын жарандары да. Колдон келген жардамыбызды берип, күйүп-бышканыбыз менен Ооганстандын бийлиги менен эсептешүүгө милдеттүүбүз.

Былтыртан бери Нарында жашап жаткан памирлик кыргыздардын айрымдары 4-июлда Ооганстанга жөнөп кетишкен. Жол тарткан 18 адамдын арасында эки үй-бүлө жана Нарын шаарындагы кесиптик лицей менен орто мектепте окуп жаткан балдар бар. Алар Ооганстанда калган туугандары, үй-бүлөсү менен учурашып, жолуккан соң күзүндө кайра келип, окуусун улантарын айтышкан.

Ооганстандын Памир тоолорун байырлап калган кыргыздардын 33ү былтыр октябрь айында Нарындын Куланак айылында жаңыча жашоого ылайыкташуу сыноосунан өтүш үчүн көчүрүлүп келген. Ал жакта памирлик боордоштор кыргыз арибин үйрөнүүдө. Алар Кыргызстан менен ооган өкмөтү түзгөн келишимдин негизинде билим алыш үчүн убактылуу келишкен. Айрымдары кыргыз бийлиги жер берип, шарт түзүлсө кайра кайтып келерин, болбосо Ооганстанда каларын айтышкан. (КЕ/BCh)