Өзбекстанда мугалимдердин укугун коргой турган кызмат түзүлөт

Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстанда мугалимдердин укуктарын коргоо боюнча атайын кызмат түзүлөт. Бул тууралуу 17-июлда президент Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда жалпы орто билим берүү системасын өнүктүрүү жана реформалоо маселелерине арналган жыйын учурунда белгилүү болду.

Иш-чарада түрдүү көзөмөл органдарынын мугалимдердин ишин текшерүүсүн чектөө, педагогдорду ар кыл жыйындарга жана тазалык иштерине мажбурлап тартууну токтотуу зарыл экени белгиленди. Ошондой эле мугалимдердин укугун коргоо боюнча атайын кызмат түзүүгө тапшырма берилди.

Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, Шавкат Мирзиёев айлык акыны көтөрүүнү, педагогдордун коомдогу ролун жогорулатууну талап кылды.

Мындан тышкары жыйында билим берүү системасына маалымат-коммуникациялык технологияларды кеңири киргизүү, мектептердин рейтингин түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.