Таиланд: үңкүрдөн куткарылган балдар ооруканадан чыгат

Tхам Луанг үңкүрүнөн куткарылган өспүрүмдөр ооруканада. 11-июль, 2018-жыл.

Таиланддын түндүгүндөгү Тхам Луанг үңкүрүнөн куткарылган 12 өспүрүм жана алардын машыктыруучусу ооруканадан чыгууга камданып жатышат. Алар шаршембиде басма сөз жыйынын өткөрүшөт. Бирок өспүрүмдөргө психологдордун кароосунан өткөн суроолор гана берилет. 11-16 жаштагы футболчулар жана алардын машыктыруучусу 23-июнда үңкүргө кирген соң нөшөрлөгөн жамгырдын суусу жолду бөгөп, андан чыга албай калышкан.

17 күн караңгы коңулда отурган 12 өспүрүм менен алардын машыктыруучусун куткаруу операциясы үч күн жүрдү. Ага дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнүн жарандары катышып, футболчу балдардын акыркысы үңкүрдөн 10-июлда чыгарылган.